Талас мамлекеттик университетине 5 кабаттуу жаңы кампус курулат

Талас мамлекеттик университетине 5 кабаттуу жаңы кампус курулат

Талас Мамлекеттик университетинин эски имараты буздурулуп, ордуна жаңы 5 кабаттуу кампус курулат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштери ушул жылы башталат. Учурда имараттын долбоору даярдалып жатат.

“Жаңы кампус: Бардык окуу-куралдар менен жабдылат. Жаштар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Аймактын билим берүү деңгээли да жогорулайт. Убакыт өзгөрөт, дүйнө жаңыланат. Ал эми билим — ар дайым адамды бийиктикке жетелеген күч. Эми болсо ошол талаптарга жооп берген, келечек муунга кызмат кыла турган жаңы окуу жайы курулат. Талас билим менен бийиктейт”,- билдирди Эрмат Джумаев.

Талас мамлекеттик университети — Талас облусундагы жогорку билим берүүчү алдыңкы окуу жайлардын бири болуп саналат. Ал 1994-жылы түзүлгөн. Университет 1930-жылдан бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>