Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Талас шаарында Талас мамлекеттик университетинин 5 кабаттуу жаңы окуу имараты курулуп жатат.
Былтыр, 2025-жылдын, жазында окуу жайдын жамааты имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган. Мамлекет бышчы Садыр Жапаров оңдоо иштеринин ордуна жаңы имарат куруу чечимин кабыл алып, каржылоо маселесин чечкен.
Имарат 5 кабаттан туруп, жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзөт. Учурда имараттын пайдубалы түптөлүп, экинчи кабатынын курулуш иштери жүрүүдө.
Жаңы окуу имаратын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөө учурунда пайдаланууга берүү пландалууда.
Талас мамлекеттик университети 1994-жылы 1930-жылдары түзүлгөн Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган. Окуу жайдын билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгү 90 жылдан ашуун убакытты камтыйт.

