Талас облусу Көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн даярдыктарды баштады

Талас облусу Көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн даярдыктарды баштады

Быйыл Көчмөндөр оюндарын Талас облусу өткөрөт. Аталган иш-чараны өткөрүү боюнча даярдыктар башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Аталган министрликтин маалыматында, Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча штаб ачылып, маданий иш-чараларды даярдоо иштери башталды. Оюндар ушул жылдын 16-сентябрынан 21-сентябрына чейин Талас облусунда өтөт. Анда улуттук спорт оюндары 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталуусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жыл сайын ар бир облус Улуттук Көчмөндөр оюндарын өткөрүп турсун деген демилге көтөргөн.

Былтыр 2-8-сентябрга чейин Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюну Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өткөн. Мелдеште улуттук спорттун 37 түрү боюнча оюн өткөн. Ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышкан. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500гө жакын ЖМК өкүлдөрү чакырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>