Талас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейт

15.10.2025 | 18:12

Талас шаарында президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борборунун тең төрагасы Шинья Танака эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Иш-чарада тараптар Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилешти.

Меморандумдун алкагында кызматташтык айыл чарба, жаңы технологиялар, маалыматтык технологиялар (IT), спорт жана маданият тармактарында тереңдетилип, Талас облусунда биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат.

“Бул келишим Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат,” — деди Эрмат Жумаев.

Өз кезегинде Шинья Танака Япония тараптан да аймактык долбоорлорду колдоого даяр экенин белгилеп, эки элдин достук мамилеси мындан ары да чыңдала берерине ишенимин билдирди.

Scroll to Top