Талас шаардык мэриясына карата кылмыш иши козголду

Талас шаардык мэриясына карата кылмыш иши козголду

Талас шаардык мэриясына Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча  кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды.

Бул маалыматты мэриянын кызматкерлери тастыктады. Белгилүү болгондой, өкмөт тарабынан калктын аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Талас шаардык мэриясына 777 миң 600 сом бөлүнгөн.

Ага ылайык, шаардагы 900дөн ашык тургунга 800 сомго бааланган баштыктар таратылмак. Ун, май, күрүч, шекер өңдүү азык-түлүк салынган баштыктардын ичинен айрым азыктар белгиленген өлчөмгө жетпей калган. Натыйжада, УКМКнын аймактагы бөлүмү тарабынан мэрияга кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Мэриядагылар жагдайга азык-түлүк сатылып алынган соода түйүндүн кызматкерлерин айыптап жатат. Тагыраагы, сатуучулар айрым азыкты граммдап сатканын айтууда. Ал эми “Алтын-Казык” супермаркетинин атын атагысы келбеген сатуучусу шаар башкармалыгы аларды коркутуп-үркүтүү менен күнөөнү моюнга алдырууга аракет жасап жатат, деп билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>