Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында Талас дарыясына 6 жаштагы бала түшүп кетип каза болду. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Издөө иштерине тартылган куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар баланы сөөгүн суудан чыгарышып, тууугандарына өткөрүп беришкен.