КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кыргызстан Жашыл климаттык фонд менен 6 ири экодолбоорду бекитти
02.07.2025 | 11:17
Министрлер кабинети Жашыл климаттык фонд менен биргеликте 6 ири экологиялык долбоорду ишке ашырууну бекитти. Алар климаттык туруктуулукту жогорулатууга жана жаратылышты коргоого багытталган.
Бекитилген долбоорлор төмөнкү багыттарды камтыйт:
– Шаарларда абанын тазалыгын жакшыртуу
– Баткендеги сугат суунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу
– Ысык-Көлдүн жаратылышын сактоо
– “Жашыл” ишкердикти өнүктүрүү
– Климаттык өзгөрүүгө туруктуулукту арттыруу
– Жаңы экотехнологияларды турак жайларга киргизүү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев: “Биологиялык ар түрдүүлүк менен суу ресурстарын коргоо — келечек муундар үчүн тоо экосистемаларын сактоонун ачкычы. Бул ишти убагында жана активдүү жүргүзүү зарыл”, — деп белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: минкаб