«Түндүк» Президенттин иш башкармалыгына өттүТашкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койдуМурдагы депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча кармалдыБишкек шаардык кеңеши борбордогу 20га жакын көчөнүн атын өзгөртүүнү жактырды: тизме жана чоо-жайы«Cool Bros» компаниясынын көйгөйү чечилди. Ишке президент кийлигиштиАлыскы Зардалы айылына кичи футбол аянтчасы курулууда
Таласта 60 га жерди туугандарына ижарага берүүгө шектелип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кармалды
10.12.2025 | 14:55

Таластын Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын башчысы жана жер адиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен аталган айыл аймакка караштуу Бакайыр айылындагы 60 гектар жер тилкесине тамчылатып сугаруу системалары жана бассейн орнотулган.
Жүргүзүлгөн тергөө иштердин натыйжасында айыл өкмөт башчы менне жер адиси жеке кызыкчылыктарын көздөп, аталган 60 гектар жерди жакын туугандарына ижарага бергендиги аныкталган. Мындан улам мамлекетке 1 млн 579 миң 980 сом өлчөмүндө ири зыян келтирилген.
Бул факты боюнча аталган кызматкерлер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар