Таласта «Манас Ордо» комплексин оңдоп-түзөө иштери башталды

13.11.2025 | 17:23

Долбоордун алкагында бардык имараттар толугу менен жаңыланып, комплекс Борбор Азиядагы уникалдуу маданий мейкиндикке айланат. Ал күнүнө 10 миңге чейин зыяратчыны кабыл алууга жөндөмдүү болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас облусундагы Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексин реконструкциялоо капсуласын коюу аземинде билдирди.

Садыр Жапаров «Манас Ордо» бул кыргыз элинин руху менен тарыхын чагылдырган ыйык жай экенин белгиледи.

«Комплексти жаңылоо иштери өтмүшүбүзгө сый-урмат көрсөтүү жана бабалардан калган ыйык таберикти келечек муунга аманат калтыруу, маданий баалуулуктарды түбөлүк жандандыруу жана улуттун руханий борборун түптөө багытындагы маанилүү аракет болуп саналат», — деди өлкө башчы.

Ал Чыңгыз Айтматовдун «Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз» деген сөзүн келтирип, «Манас» эпосу кыргыз элинин руханий коду жана символу экенин белгиледи.

Жапаров комплекстин тарыхы 1976-жылы адабий-этнографиялык музей катары башталганын, ал эми 1995-жылы эпостун 1000 жылдыгына карата «Манас Ордо» комплекси болуп кайра түзүлгөнүн эске салды.

Учурдагы реконструкция соңку 30 жылдагы эң ири долбоор болмокчу. Анын алкагында конгресс-холл, көркөм жана кол өнөрчүлүк галереялары, конок үйлөрү жана административдик имарат курулат.

«Жаңыланган “Манас Ордо” кыргыз элинин руханий маданиятынын кайра жаралуусунун символуна айланып, изилдөөчүлөр менен туристтерди өзүнө тарткан борбор болот», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Аземден кийин мамлекет башчысы Манастын күмбөзүнө барып, куран окутулду.

Scroll to Top