Кыргызстанда Жол кыймылына киргизүү институту иштей баштадыЭттин экспортунан түшкөн пайда фермерлерге эмес, ортомчуларга кетип жатат — Айыл чарба министрлигиБаткенде кытайлык ишкана күн электр станциясын куратӨКМ эскертет: Өлкө аймагында табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлүүдөБишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайтты
Таласта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү
14.08.2025 | 13:12

Талас облусунда “Бандит” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаранын алкагында 48 каттоодогу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн ичинен 13 жаран облустук милицияга алып келинди.
УКМКнын маалыматында айтылгандай, алардын биометрикалык маалыматтары алынган жана түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөн.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча УКТ мүчөлөрү кылмыштуу идеологиядан баш тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттеништи. Облуста “Смотрящий” жана “Положенец” макамына ээ болгон мүчөлөр жок экени, кылмыштуу аракеттер мыйзам боюнча катуу жазаланышы эскертилди.
Рубрики: Жаңылыктар