Таластагы “Манас Ордо” комплекси масштабдуу жаңылоого байланыштуу жабылды

14.08.2025 | 16:46

Таластагы тарыхый-архитектуралык “Манас Ордо” комплекси соңку 30 жылда алгачкы ирет масштабдуу түрдө жаңыланат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Реконструкция иштерине 2024-жылы республикалык бюджеттен каржы каралган. Анын алкагында, заманбап конгресс-холл жана эки кабаттуу администрациялык имарат курулат. Ошондой эле жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзгөн беш конок үйүн куруу, комплекс аймагын кеңейтүү пландалууда.

Реконструкциянын негизги максаты — имараттарды гана жаңылоо эмес, комплексти Борбор Азия чөлкөмүндөгү уникалдуу маданий жана технологиялык борбор катары өнүктүрүү.

Жаңылоо иштерине байланыштуу комплекс 1-августтан тарта убактылуу жабылган. Бул мезгил ичинде комплексти жана анын курамындагы мавзолейди зыярат кылууга мүмкүн болбойт.

Министрлик мындай чара коопсуздукту камсыз кылуу, сапаттуу оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн камсыздоо максатында көрүлгөн билдирип, коомчулукту түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Теги: Талас
Scroll to Top