Тамеки тартуу ден соолукка кандай зыян берет?

Тамеки тартуу ден соолукка кандай зыян берет?

Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине тамеки тартуунун зыяндуулугу боюнча лекция өттү. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, ЖАКнын  медициналык башкармалыгынын инспектору, и/к полковниги Линар Шаяхметов өткөргөн.

Ал “аялдардын эне болуу жөндөмүнө терс таасирин тийгизип, боюнан түшүп калуу жана тукумуна залакасын тийгизүү коркунучун күчөтүп, эркектерди импотенцияга алып келет. Тамеки чегүү эффективдүүлүктү, эс тутумду, көңүл бурууну, угууну, көрүүнү, булчуңдарды жана башка активдүүлүктү төмөндөтөт, атүгүл интеллект жабыркайт!

Никотин, ошондой эле тамеки чайыры, ар кандай канцерогендик жана уулуу заттар, ал эми уу адамдын бардык ички органдарын: мээ, өпкө, жүрөк, ашказан, ичеги-карын, кекиртек, боор, нерв системасын жабыркатат.

Тамеки чегүү онкологиялык ооруларды, бронхит жана пневмонияны, атеросклерозду жана гипертонияны, жараларды жана сезгенүүнү, инфаркттарды жана инсульттарды козгойт, витаминдердин алмашуусун бузуп, жалпысынан жашоонун узактыгын кыскартат.

Жыл сайын дүйнөдө 2,5 миллионго жакын тамеки тарткандар мезгилсиз дүйнөдөн кайтышат!

Жалпысынан адам автокырсыктан каза болгондорго караганда тамеки тартуудан 4 эсе көп каза болот”- деп айтып берген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>