Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Таш-Көмүр ГЭСинде масштабдуу оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө
11.06.2025 | 13:23
«Электр станциялар» ААКнын филиалы болгон Таш-Көмүр ГЭСинде 2025-жылга карата пландуу оңдоо жана тейлөө иштери жүрүүдө. Иштер ушул жылдын октябрында аяктайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Анда төмөнкү негизги иштер жасалат:
- Үч гидроагрегатты капиталдык оңдоо;
- Бардык деңгээлдеги трансформаторлорду, анын ичинде ГГСН трансформаторлорун оңдоо;
- Жогорку чыңалуудагы өчүргүчтөрдү (айрыкча «Кристалл» сериясындагыларды) алмаштыруу жана техникалык тейлөө;
- Ток трансформаторлору менен туташтыргыч жабдууларды жаңыртуу жана оңдоо;
- 220 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүштөр менен шиналарды тейлөө;
- Байланыш жана релелик коргоо жабдууларын техникалык тейлөө.
“Бул чаралар күз-кыш мезгилинде Таш-Көмүр ГЭСинин үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыздап, энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатат. Жабдуулардын күтүүсүз иштен чыгуусунун алдын алып, өлкөнүн энергетикалык жүктөмү жогорулаган учурларда өзгөчө мааниге ээ”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар