Ташиев: Башкы прокурор Зулушевдин кайниси кармалды (видео)

Ташиев: Башкы прокурор Зулушевдин кайниси кармалды (видео)

Бажыдагы коррупциялык схема боюнча шектүү катары кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси бар. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, аталган иш боюнча жалпы сегиз адам кармалган.

«Алардын арасында Курманкул Токторалыевичтин (Зулушев –ред.) бир тууган кайниси бар экени чындык. Ал учурда ал сурак берип жатат. Бирок бул ишке Курманкул Токторалыевичтин өзүнүн тиешеси жок. Эгер анын кайниси мамлекетке зыян келтирген болсо, келтирген зыянды толуктайт жана мыйзамдуу жазасын алат. Эгер андай болбосо, жаза алуудан бошотулат», — деди ал.

Ошондой эле, ал «УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилеринин ортосунда тиреш жүрүп жатат» деген сөздөрдү төгүндөдү.

Эскерте кетсек, 18-мартта, УКМК, Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталганын, ал боюнча Бажы кызматынын алты жооптуу адамын жана жеке компаниянын үч өкүлүн кармаганы тууралуу маалымат тараткан. Алардын ичинде жогорку кызматта иштеген адамдардын туугандары бар экени кабарланган.

УКМК Бажы кызматынын алты кызмат адамын кармады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>