Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Ташиев Бишкектеги №1046 шайлоо участкасында добуш берди
30.11.2025 | 11:49
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Бишкектеги №1046 шайлоо участкасында добуш берди. Ал шайлоо учурунда өзүнүн тандоосу менен депутаттар келечектеги беш жылда мамлекеттеги саясий маселелерди чечет деп үмүттөнгөнүн билдирди.
“Бул депутаттарыбыз келечектеги 5 жылда мамлекетибизде саясий өңүттөгү маселелерди чечип берет деген үмүт менен добуш бердим”, — деди Ташиев.
Ошондой эле, ал шайлоо жүрүп жатканын жана коопсуздук жагынан эч кандай көйгөйлөр жок экенин белгиледи. Шайлоо участкасында абал туруктуу жана бардык участкаларда добуш берүү мыйзамдуу түрдө өтүүдө.