Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата майрамдоо бир нече мүнөттөн кийин башталат.
Майрамдын ардактуу коноктору келе башташты, анын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков, депутаттар, ошондой эле коомчулукта көп сөз болгон президент Садыр Жапаровдун жээни Лазат Нуркожоева бар.