«Тазалык» ишканасынын кирешеси өстү

«Тазалык» ишканасынын кирешеси өстү

Былтыр «Тазалык» ишканасынын жылдык кирешеси 20 млн сомдон 60 млн сомго чейин өстү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, ишкана 126 даана тазалоочу техника сатып алды. Алар Кытайдан алынып келинет.

«Жаңы техниканын келиши «Тазалык» ишканасынын ишмердүүлүгүн кыйла жакшыртууга мүмкүндүк берет», — деп билдирди ал.

Эске салсак, Рамиз Алиев 2022-жылдын декабрынан 2024-жылдын май айына чейин «Тазалык» ишканасынын директору болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>