«Тазалык»: кышында Бишкектин баарын кардан тазалоо физикалык жактан мүмкүн эмес

11.11.2025 | 12:21

«Тазалык» муниципалдык ишканасы кышында Бишкектин бардык аймактарын тазалоого жетишпей калууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде ишкананын директору Жолдош Чүштүков билдирди.

Анын айтымында, адегенде борбордук көчөлөргө, андан кийин экинчи даражадагы жолдорго, андан соң чакан көчөлөргө көңүл бурулат.

“Акимиаттар менен бирге бекитилген техникалык карталар бар. Ошондуктан биз ошол карталарда көрсөтүлгөн көчөлөр менен тротуарларды гана кардан тазалайбыз. Өткөн жылдан тарта мектептердин, бала бакчалардын аймактарына жана автобустардын акыркы токтоочу жайларына туз себүүнү баштаганбыз”, — деди Чүштүков.

Ошондой эле ал шаар тургундарын кар тазалоого жардам берүүгө чакырды.

“Эгер ар ким өз салымын кошсо, шаар тез эле өзгөрөт. Үйдүн алдындагы тепкичтерди же тротуарларды тазалап коюу да чоң жардам болот. Ооба, бул биздин жумуш, бирок кээде баарына жетишпей калабыз”, — деди ал.

Мэриянын маалыматына караганда, кыш мезгилиндеги шаарды тазалоо иштерине «Тазалык» ишканасынын миңден ашык кызматкери: айдоочулар, механизаторлор жана жумушчулар тартылган. Алардын бардыгы кышкы инвентарь жана атайын кийимдер менен камсыздалган.

Scroll to Top