«Тазалыктын» жетекчиси: Кыргызстандыктар 90 миң сом айлыкка да таштанды ташыгысы келбей жатат
Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасында кадрлардын жетишсиздиги кескин байкалууда. Жергиликтүү тургундар айлык акынын жогору экенине карабай, жүк жүктөөчү болуп иштөөдөн баш тартышууда. Бул тууралуу 4-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында ишкананын жетекчиси Жолдош Чуштуков билдирди.
Анын айтымында, абал оор: жумушчулар толук болбогондуктан, атайын техникалар көп учурда бош туруп калууда.
«Ишкана чоң көйгөйгө туш болду: техника бар, бирок айдоочу жок, же тескерисинче, айдоочу бар, бирок артына жүк жүктөөчү жок», — деп белгиледи ал.
Жетекси ишканадагы эмгек акы атаандаштыкка туруштук бере аларын баса белгиледи.
- Орточо айлык 40–45 миң сом.
- Чоң көлөмдөгү жумушту аткаргандар колуна 80–90 миң сом алышат.
Бирок мындай суммалар да жумуш издегендерди кызыктырбай жатат. «Тазалыктын» кызматкерлерди ишке алуу боюнча жарнамаларды дайыма социалдык тармактарда, телекөрсөтүүдө жана борбордогу ири базарларда (Аламүдүн, Орто-Сай жана Ош базарларында) жарыялап келет, бирок иш жүзүндө андан натыйжа болбой жатат.