Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Тажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейт
01.08.2025 | 15:54

Электр энергиясына болгон ички көйгөйлөргө байланыштуу Тажикстан кыш мезгилинде Ооганстанга экспорттолуучу электр энергиясынын көлөмүн 25%га кыскартат. Бул тууралуу ISD аналитикалык каналы Афганистандын улуттук энергетика ишканасынын жетекчиси Абдул Бари Омарга шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, быйыл Ооганстан болжол менен 150 мегаватт электр энергиясын алат. Негизинен Тажикстан Ооганстанга жыл сайын орточо 150 мегаватт электр энергиясын жеткирип келген.
“Афганистан электр энергиясына импортуна көз каранды, анын көпчүлүгү Тажикстандан келет. Азыркы тапта Афганистандын жалпы муктаждыгынын жарымынан көбү (1 500 МВттын ичинен 720 МВт) Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген импорт менен жабылат”,- деп айтылата маалыматта.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар