Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна жакын Тажикстанда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө болгонун Кытайдын Сейсмологиялык борбору билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте, очогу Кытай менен чек арадан 82 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.
The moment of the #earthquake in the border areas between #Tajikistan and #China. pic.twitter.com/oW76ARVLGM
— Mohamad Dargalayi (@MohamadDargalay) February 23, 2023
Ал эми ӨКМ маалымдагандай, 23-февраль күнү саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Ал эми Тажикстандагы жер титирөөнүн видеосу социалдык тармактарга тараган. Колдонуучулар видеокөзөмөл камераларынан тартылган кадрларды жарыялашты.
The strong earthquake that struck earlier this morning, affects the territories of Pakistan, Tajikistan, Uzbekistan, China, Afghanistan, and Kyrgyzstan. pic.twitter.com/B6ovWGh1wP
— dana (@dana916) February 23, 2023
Биздин Телеграм каналга катталыңыз