Тажикстанга таттууларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды

Тажикстанга таттууларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды

Кыргыз-тажик чек арасындагы Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан бир тонна таттууларды кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун-Арка унаа жолунда нөөмөт учурунда чек ара отрядынын кызматкерлери КР жараны 1991-жылы туулган Р.С.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу чек арачынын мыйзамдуу токтотуу талабына баш ийбей, катуу ылдамдыкта унааны аскер кызматчыларынын жанына айдап кеткен.

Чек арачы курал колдонууга аргасыз болгон — унааны токтотуу үчүн абага жана дөңгөлөккө эскертүүчү ок чыгарууга.

Унааны текшерүү учурунда 1000 кгдан ашык таттуулар табылган. Ошол эле учурда айдоочуда жүктүн документтери жок болгон.

Айдоочу Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз түрдө таттууларды алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү протоколдор түзүлгөндөн кийин кармалган айдоочу жана жүк кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>