Текебаев абакта отурганда кантип жашыруун телефон колдонгонун айтты — видео

Текебаев абакта отурганда кантип жашыруун телефон колдонгонун айтты — видео

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев абакта отурган учурунда уюлдук телефонун кантип жашыруун колдонуп жүргөнүн ачыктаган видеосу «Жалбырак» телеканалынын ютубуна чыкты.

Саясатчы аталган телеканалга берген маегинде телефонун жүрөк оорусу үчүн ичкен дарынын кутусуна салып койгонун айтып, бирок эч ким таппаганын билдирген.

Текебаев ага карата козголгон кылмыш ишти саясий деп белгилеп, ал СИЗОдо отурганда күзөтчүлөр камераны өтө дыкат текшерүүгө алгандарын баяндаган.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев учурда үй камагында.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден  «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>