Текебаев төрагалыкка умтулуп, президенттик милдетти аркалоону  көздөөдөбү?

Текебаев төрагалыкка умтулуп, президенттик милдетти аркалоону  көздөөдөбү?

Серепчи Турат Акимов Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтаруу аракетин, ал спикер болуп, президенттин милдетин аткаруучу болуп калгысы келүүдө деп баалаган.  Мындай пикирин ал Фейсбук баракчасына жазды. 

“Ал улам алсырап жаткан президенттин колунан бийликти тартып алууга аракет кылууда. Депуттаттык мандатын кайтарып, спикер болуп, президентке импичмент жарыялап туруп, өзү президенттин милдетин аткаруучу болуп калгысы келүүдө”, — деп жазган серепчи. 

https://www.facebook.com/akimovturat/posts/3427515327473918

 Белгилей кетсек, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арыз менен Боршайкомго кайрылганы 10-октябрда белгилүү болгон.

12-октябрдагы БШКнын жыйынында “Ата Мекен” фракциясында бош мандат жоктугуна байланыштуу жана Боршайкомдун мүчөлөрү толук келбегендиктен бул маселе карабагандыгын буга чейин Абдыжапар Бекмаматов “Репортёрго” билдирген.

Кийин Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз депутаттык мандатынан баш тартып, БШКга арыз менен кайрылды. Ал мындай кадамга депутаттык мандатын «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге бошотуп берүү үчүн барган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>