Техникадан азыкка чейин: Бишкекте чоң агро-жарманке өтөт

30.09.2025 | 13:25

17–19-октябрда Бишкекте Т. Усубалиев атындагы аянтта “АгроТехЭкспо – 2025” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөн, жер семирткич, өсүмдүктү коргоочу каражаттар жана асыл тукум малдар көрсөтүлөт. Жарманкеде органикалык таза азык-түлүктөрдү арзан баада сатып алуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Катышуучулар техника жана айыл чарба товарларын сатып алууда жеңилдетилген лизинг кызматын жана насыяларды пайдалана алышат. Министрлик бардык дыйкан жана фермерлерди катышууга чакырат.

Байланыш телефондору: 0312 623629, 0555 346 060 (“Алтын Күз” жарманкеси боюнча) 0554 287025

Scroll to Top