Теңир-Тоо The New York Times гезитинин эң мыкты туристтик багыттарынын катарына кирди

17.01.2026 | 13:00

Кыргызстандын Тянь-Шань тоолору (Теңир-Тоо) америкалык The New York Times гезити түзгөн 2026-жылга карата саякаттоо үчүн эң мыкты туристтик багыттардын эл аралык рейтингине кирди. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

“Кыргызстандын символу жана Борбордук Азиянын эң таасирдүү жаратылыш комплекстеринин бири болгон Тянь-Шань тоо массивдери The New York Times тарабынан 2026-жылы дүйнө жүзүндөгү саякатчылардын көңүлүн бурууга татыктуу багыт катары таанылды”,- деп айтылат маалыматта.

Аталган гезит жыл сайын түз турган 52 шыктандыруучу багыттын тизмесинде планетанын ар кайсы бурчтары: мегаполистер жана маданий борборлордон тартып жаратылыш кереметтери жана уникалдуу ландшафттарга чейин камтылган.

Департамент бул окуя Кыргызстандын жогорку эл аралык туристтик потенциалын жана анын жаратылыш жана маданий байлыктарына болгон кызыгуунун өсүп жатканын дагы бир жолу тастыктай тургандыгын билдирди.

Scroll to Top