БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
17.01.2026 | 12:00

20-январда саат 09:00дөн 02:00гө чейин Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Суу шаардын №3, 4, 5, 6, 7, 8, 9,10 кичи райондорунда өчүрүлөт. Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Ч.Айтматов проспектиси – Абдрахманов көчөсү – Бакаев көчөсү – Масалиев проспектиси – Токтоналиев көчөсү – Ата-Түрк паркы – Ахунбаев көчөсү – Аламүдүн суусу – Түштүк чоң Чүй каналы – Б.Баатыр көчөсү – Ала-Арча суусу – Семетей көчөсү.
Өчүрүү суу түтүктөрүн оңдоо жана жаңы тетиктерди орнотуу ишине байланыштуу болот.
«Бишкексууканал» ишканасы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды алдын-ала ичүүчү суу камдап алууну өтүндү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом