Теңгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровго кат жолдоп, кечирим сурады

Теңгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровго кат жолдоп, кечирим сурады

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, андан кечирим сурады. Анын катын жактоочусу Кайсын Абакиров «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Теңгиз Бөлтүрүк сөз башында Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди канааттандырарлык түрдө аткара албаганы үчүн кечирим сураган.

«Жумасына 75-80 сааттан иштесем да, баары бир «Кумтөрдүн» жана улуттук холдингдин («Улуу көчмөндөр мурасы» — ред.) иштерин, кесиптештерди көзөмөлдөгөнгө жалгыз үлгүрбөдүм. Кумтөрдө 20 жылдан ашык уюштурулган коррупциялык схемаларды толук жойгонго жалгыз алым жетпеди…», — деп, ал «Кумтөрдөгү» коррупциялык схемаларга аралашпаганын билдирген.

Сөзүн улай Теңгиз Бөлтүрүк ага президент ишеним көрсөтсө, жардам берүүгө, эгер өкмөттө кимдир бирөөгө тоскоол болуп жатса, анда Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин белгилеген.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Учурда Теңгиз Бөлтүрүк 10-мартка чейин камакка алынган.

Теңгиз Бөлтүрүк: 2025-жылы Кумтөр ишин токтотууга аргасыз болот

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>