Айнекти караңгылатуудан жана «өзгөчө» номерлерден түшкөн акча унаа каттоо системасын жаңылоого жумшалат
Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарын каттоо системасын реформалоого багытталган жарлыкка кол койду. Документке ылайык, автотранспорт тармагындагы айрым мамлекеттик кызматтардан түшкөн кирешелер убактылуу республикалык бюджетке которулбайт.
Жарлыкка ылайык, 2026-жыл толугу менен (1-январдан 31-декабрга чейин) Транспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик борбор (Президенттин Иш башкармалыгынын карамагында) төмөнкү булактардан түшкөн каражаттын 100%ын өзүндө калтырат:
- сандардын/тамгалардын өзгөчө айкалышы бар мамлекеттик номерлерди сатуудан;
- аты жазылган (именной) мамлекеттик номерлерди сатуудан;
- алдыңкы каптал терезелерди караңгылатууга (тонировка) уруксат берүүдөн;
- эски/эсептен чыгарылган мамлекеттик номерлерди металлоломго өткөрүүдөн.
Акча кайда жумшалат?
Чогулган бардык каражат мекеменин атайын эсебине түшөт. Максат – аталган мамлекеттик борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, инфраструктурасын модернизациялоо жана жакшыртуу.
Министрлер кабинетине жарлыкты ишке ашыруу, ал эми Президенттин иш башкармалыгына акчанын натыйжалуу жана максаттуу жумшалышын катуу көзөмөлдөө тапшырылды.