Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу 2026-жылы толук аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда парламенттин жыйынында транспорт министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.
Анын айтымында, аталган жолдун тоннель жана асфальт төшөө иштери 2024-жылдын аягында бүткөрүлөт.
«Бүгүнкү күнү жолго 887 млн доллар каралган. Анын 500 млн доллары өздөштүрүлдү», — деди ал.
Тиллаев белгилегендей, жол куруу иштери план менен жүрүп, пландан артта калуу болгон жок.
Эскерте кетсек, буга чейин Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу 2024-жылга карата бүткөрүлөрү кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз