ТИМ башчысы Германиянын жаңы элчиси менен жолугушту
31-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкөдөгү Германиянын жаңы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен жолукту.
Министр элчини расмий түрдө кызматка киришүүсү менен куттуктап, Кыргызстан менен Германиянын саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын чыңдоого даяр экенин билдирди.
Тараптар транспорт, туризм жана экология жаатындагы өнөктөштүктүн өнүгүүсүн, ошондой эле санкциялык чектөөлөргө байланышкан маселелерди талкуулашты. Кулубаев Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерди так аткарып, Европа Биримдиги менен ачык диалогго даяр экенин белгиледи.
Ошондой эле министр алдыдагы парламенттик шайлоолорго даярдык жана эл аралык байкоочулардын катышуусу тууралуу маалымат берди.
Элчи Моника Ленхард өз кезегинде Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин айтып, бул иш «Борбор Азия – Германия» форматындагы өз ара өнөктөштүктүн алкагында улантыларын белгиледи.