ТИМ башчысы ТүркПАнын жаңы дайындалган баш катчысы менен жолукту

29.10.2025 | 15:28

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) байкоочу миссиясын Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоолорду байкоого активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу ал ТүркПАнын жаңы дайындалган баш катчысы Рамиль Гасан менен жолугушуусунда билдирген. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТүркПАнын алкагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле мүчө мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.

Жээнбек Кулубаев Рамиль Гасанды жаңы кызмат орду менен куттуктап, Кыргызстан түрк кызматташтыгынын институттарын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин, ал эми ТүркПА парламенттик дипломатиянын негизги аянтчасы катары маанилүү орун ээлерин белгилеген.

Министр ТүркПАнын байкоочу миссиясын Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоолорду байкоого активдүү катышууга чакырып, бул иш-чаралар шайлоолордун ачыктыгын жана ишенимин камсыздоого маанилүү салым кошорун белгиледи.

Өз кезегинде, Башкы катчы Рамиль Гасан Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, ТүркПАнын иш планы жана алдыда боло турган иш-чаралар, анын ичинде 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган 15-пленардык жыйын тууралуу маалымат берген.

Scroll to Top