ТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынат

Тышкы иштер министрлиги Грузия мамлекети 2026-жылдын 1-январынан тарта чет элдик жарандар үчүн жаңы кирүү эрежесин киргизгенин маалымдады.
Ага ылайык, эми Грузиянын аймагына кирүү үчүн эми медициналык жана кырсыктан камсыздандыруу полиси керек болот. Бул туристтик, ишкердик, жеке максаттардагы сапарларга тиешелүү.
Камсыздандыруу полисин Грузиянын же чет өлкөлүк камсыздандыруу компанияларында тариздесе болот. Ошондой эле аны грузин же англис тилинде кагаз же электрондук түрдө көрсөтүү керек.
Камсыздандыруу чыгымынын минималдуу суммасы 30 миң грузин ларисин (GEL) түзөт. Камсыздандыруу полисте төмөнкү милдеттүү маалыматтар камтылышы зарыл:
- камсыздандыруу келишиминин тараптары;
- камсыздандыруунун колдонуу аймагы;
- камсыздандыруунун максаты;
- камсыздандыруунун башталышы жана аяктоо даталары;
- камсыздандыруу тобокелдиктери;
- камсыздандыруу төлөмдүн суммасы;
- камсыздандыруу кошумча акысынын өлчөмү;
- төлөмдүн орду жана шарттары.
Министрлик Грузияга барууну пландап жаткан кыргызстандыктарга жаңы кирүү эрежелери менен таанышып чыгууну жана сапарга чыкканга чейин медициналык камсыздандырууну алууну эскертти. Бул документ чек ара көзөмөлүндө талап кылынышы мүмкүн болгондуктан, аны кагаз түрүндө да алып жүрүү сунушталды.