ТИМ Литва менен Беларусь чек арасындагы эки өткөрүү пункту убактылуу жабылганын билдирди

Литванын өкмөтү 29-октябрдан 30-ноябрг чейин Беларусь менен «Мядининкай» жана «Шальчинкай» аттуу эки чек ара өткөрмө пунктунун ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматында, бул чектөөлөрдөн улам Беларуска өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандын жарандары чогулуп калган.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, ТИМ кыргызстандык жарандарга Литвадан чыгып кетүүнүн альтернативдүү жолдорун алдын ала иштеп чыгууну сунуштады. Ошондой эле учурдагы чектөөлөрдү эске алууну жана уруксатсыз нааразычылык акцияларына жана нааразычылык билдирүүнүн башка түрлөрүнө катышуудан алыс болууга чакырды.
Ошол эле учурда, “Мядининкай” өткөрүү пунктунан өтүүгө төмөнкү категориядагы адамдар үчүн уруксат берилген:
- дипломатиялык кызматкерлер жана дипломатиялык почта жеткирип жаткан адамдар;
- Калининград шаарына транзит менен же Калининграддан келе жаткан адамдар;
- Литванын жана Европа Биримдигинин (ЕБ) өлкөлөрүнүн жарандары, ошондой эле Литвада убактылуу жашоого уруксаты жана гуманитардык визасы бар чет өлкөлүк жарандар “Мядининкай” өткөрүү пункту аркылуу Литвага кайтып келе алышат.
Эгерде Литвада жайгашкан кыргызстандык жарандар консулдук колдоого муктаж болсо, төмөнкү «ыкчам байланыштар» аркылуу кайрыла алышат:
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти +996 999 312 002
Беларустун (Минск) Кыргызстандангы элчилиги: +375 25 904 54 10, электрондук почтасы: kgembassy.by@mfa.gov.kg.