ТИМ: Венадагы кол салуудан кыргызстандыктар жабыркаган жок

ТИМ: Венадагы кол салуудан кыргызстандыктар жабыркаган жок

Австриянын борбору Вена шаарында болгон кол салуунун кесепетинен жаракат алган же каза болгон кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Австриядагы элчиликтин маалыматы боюнча, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Кооптуулук дагы деле күчүндө болуп жаткандыктан Венада жүргөн мекендештерге эл топтолгон жерден оолак болууну сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2-ноябрь күнү кечинде Венанада куралчан белгисиз адамдар элге ок атып кол салган. Дүйнөлүк басылмалар  кол салуудан 5 адам каза болуп, жыйырмадан ашык адам түрдүү жаракаттарды алганын жазышууда.

Австриядагы мекендештер үчүн Вена шаарындагы элчиликтин +43 676 626 94 93 номерикүнү-түнү иштеп жатканын эскерет министрлик.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>