Токаев Кыргыз-Казак чек арасында массалык мушташ боюнча: Күнөөлүүлөр жазасын алат

Токаев Кыргыз-Казак чек арасында массалык мушташ боюнча: Күнөөлүүлөр жазасын алат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунун Кордай районундагы Масанчи жана Сарытөбө айылдарында болгон массалык мушташ боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу казак президенти Твиттер баракчасына жазды.

«Кордай районунда бейбаштык өңүттөгү жапырт мушташ болду. Аны чагымчылар өз пайдасына пайдаланууну көздөгөн. Полиция жагдайды тартипке салып, өз көзөмөлүнө алды. Коомдук тартипти бузгандар жоопко тартылат», — деп жазды Токаев.

Эскерте кетсек, кечээ, 7-февралда кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбө айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгон. Мушташта ок атышуу да болду. Казакстандын укук коргоо кызматкерлери тарабынан чыр токтотулуп, окуя көзөмөлгө алынган. Бул факты боюнча «бейбаштык» беренеси менен тергөө иштери башталды. Учурда жаңжалдын катышуучулары ким экендиги аныкталып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>