Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапары. Кандай жыйынтык болду?

Мындан бир аз убакыт мурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул визит эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган маанилүү экендиги айтылган. Казакстандын президенти Кыргызстанда мындан туура 3 жыл мурда болгон. Андан бери биздин өлкөдө бир топ өзгөрүүлөр орун алды, аны менен бирге коңшу мамлекеттер менен болгон тышкы саясий алака да жаңы деңгээлге чыкты. Мындан улам бул ирет казк президентинин Кыргызстанга болгон сапарына саресеп салып көрөлү.
2025-жылдын 21-22-август күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапары эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу байланыштар үчүн тарыхый окуя болуп калды. Бул визит боордош эки мамлекеттин союздаштык мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түздү десек болот. Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлүп, көптөгөн тармактарда кызматташууну тереңдетүү боюнча келишимдерге кол коюлду.

Саясий ишеним жана союздаштык мамилелер бекемделди
Президент Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин тар жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүндө саясий, чек ара, коопсуздук жана эл аралык алакалар жаатындагы маанилүү маселелер талкууланды. Эки тарап тең боордош элдердин тагдыр-тарыхы, маданияты жана руханий мурасы бир экенин баса белгилешти.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө, “Биздин мамилелерибиз Токтогул менен Абайдай, Чыңгыз менен Мухтардай аталарыбыз салган из менен байланган”, – деп кошуна эл менен болгон карым-катнашты руханий деңгээлде да терең байланыштырып өттү.
Серепчилердин айтымында, казак-кыргыз президенттеринин ортосундагы саясий диалогдун бекемдеши, коңшу мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты дагы да арттырып, парламенттер аралык байланышка берилген маани бул мамилелердин стратегиялык өнөктөштүк форматына өтүп жатканын айгинелейт.

Сөз эмес, иш жүзүндөгү өнөктөштүк
Сапардын эң маанилүү жыйынтыктарынын бири деп жүзөгө ашуучу экономикалык долбоорлор жана практикалык келишимдердин көптүгн айтсак болот. Тараптар төмөнкү маанилүү келишимдерге кол коюшту:
• 2025–2027-жылдарга карата кызматташуу боюнча комплекстүү план;
• 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча “Жол картасы”;
• Алматы облусунда дүң-бөлүштүрүү борборун куруу;
• Чек ара өткөрмө пункттарын жаңыртуу жана модернизациялоо;
• Автомобиль транспорту менен ташууларда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор;
• Инфраструктуралык долбоорлор: “Алматы – Ысык-Көл” жолун куруу.
Президент Садыр Жапаров белгилегендей, бул демилгелер ишке ашса, эки тараптуу соода жүгүртүү 2030-жылга чейин 3 миллиард долларга жетиши мүмкүн.

Маданий байланыш аркылуу боордош элдин жүрөгүнө жол
Сапардын жүрүшүндө маданий жана руханий алакаларга өзгөчө көңүл бурулуп, башынан аягына чейин кыргыз маданиятынын элементтери камтылган расмий тосуп алуу салтанаты, артисттердин катышуусундагы концерт, жана “Чыңгыз Айтматов – Мухтар Ауэзов” достук эстелигинин ачылышы эки элдин руханий ынтымагын чагылдырган көрүнүштөр болду.

Мынданы сырткары:
• ОшМУда Лев Гумилёв атындагы Евразия Улуттук Университетинин филиалы ачылды;
• Кыргызстанда Казак киносунун күндөрү жана Жаштар форуму өткөрүлдү;
• Бишкектеги Кемел Токаев атындагы мектеп-гимназияга президенттердин биргелешкен сапары орун алды.
Сапар учурунда кол коюлган социалдык-гуманитардык багыттагы маанилүү макулдашуулар:
• Пенсиялык камсыздоодо маалыматтык өз ара аракеттенүү;
• Туризм жаатындагы кызматташтык боюнча 2025–2026-жылдарга иш-чаралар планы;
• Элчиликтер үчүн жер тилкелерин өз ара акысыз берүү;
• Кыргызстандын чек ара кызматкерлери үчүн кадрларды даярдоо боюнча макулдашуу.

Албетте бул жөн гана макулдашуу эмес, бул макулдашуулар эки мамлекеттин жарандарына түз таасирин тийгизе турган, зор мааниси бар. Албетте эми муну ишке ашыруу маселеси калат.
Мындан сырткары бул визиттин жүрүшүндө бир катар сыйлык тапшыруу аземдери орун алды. Алар жөн гана сыйлык эмес, болгондо да мамлекеттик деңгээлдеги Казакстандын эң жогорку даражадагы сыйлыктары.

Казакстандын президенти Садыр Жапаровго өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы “Алтын Кыран” орденин ыйгарды. Алтын кыраан — Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы. Бул орден менен Казакстан 24 гана чет элдик лидерди сыйлаган. Биздин өлкө башчы ошол лидерлердин арасына кошулду. Ошондой эле бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер “Достук” ордени менен сыйланышты. Бул сыйлыктар расмий гана эмес, эмоциялык жана символикалык жактан да боордош элдердин мамилесинин жогорку деңгээлин чагылдырат.
Токаевдин расмий сапары саясий декларациядан конкреттүү ишке өтүү багытындагы ири кадам десек болот. Тарыхый, маданий жана экономикалык байланыштардын бекемделиши, союздаштык мамиленин ишенимдүү пайдубалы түптөлгөнүн көрсөттү.

“Бул визит тарыхтын жаңы барагын ачты. Боордош эки эл үчүн да, жалпы Борбор Азия үчүн да Токаевдин сапары кызматташтык маданияты кандай болушу керек экенин көрсөтүп берди”,-деди Касым-Жомарт Токаев.
Мындан аркы маселелер — кол коюлган документтерди ишке ашыруу, саясий эркти сактоо жана элге таасир берген практикалык жыйынтыктарды камсыз кылуу. Саясий эрк жана эл аралык тажрыйбасы бар эки лидердин диалогу бул максаттарды ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.