Токио Олимпиадасына лицензия ойнотулган күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өтпөй калды

Токио Олимпиадасына лицензия ойнотулган күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өтпөй калды

Токио Олимпиадасына лицензия ойнотулган күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өтпөй калды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Мындай кадам дүйнөнү каптап жаткан коронавирустан улам жасалып жатканы айтылды. Ошондой эле аталган агенттиктин жетекчиси Канат Аманкуловдун жетекчилиги менен өткөн чукул жыйында бир катар спорттук иш-чаралардын мөөнөтү жылдырылган.

Эскерте кетсек, бул мелдеш 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарына белгиленген болчу. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) коронавируска байланыштуу башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алып, бир катар Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга турнирди өткөрүүгө сунуш киргизген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

covid 19

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>