Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы

Токмокто жүрөк үшүн алган окуя катталды. Токмоктогу Ак-Бешим айылынын тургуну өзүнүн 2 баласын, тактап айтканда, уулу менен кызын бычактап салган.
Бул боюнча Чүй ОИИБ төмөнкүлөрдү билдирди:
Кечээ, 12-сентябрда саат 19:28 чамасында Чүй ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Чүйдөгү айылдардын бириндеги үйдө эки жаш баланын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам-иликтөө тобу үйдөн бычактан жаракат алган эки баланын — 2013-жылы туулган Д.Э. (кыз) жана 2023-жылы туулган Ш.М. (бала) жансыз денесин тапкан.
Бул факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголду.
Балдардын сөөгү Токмок шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Кылмышка шектүү катары балдардын апасы, М.М., КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.