Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Кыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
13.09.2025 | 10:41

Москва шаарында өткөн чүчү кулактын жыйынтыгында кыргыз триосу Nomad эл аралык «Интервидение-2025» музыкалык конкурсуна экинчи номер менен чыгуу укугун алды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Алар конкурста «Жалгыз сага» чыгармасын аткарып, улуттук мотивдерди заманбап аранжировка менен айкалыштырууну пландашууда. Бул чыгарма топтун башкы сыйлык үчүн күрөшүндөгү алгачкы кадамы катары белгиленди.
Музыкалык сынак 20-сентябрда Москвадагы Live Arena сахнасында өтөт.