Токмоктогу №2 психоневрологиялык мекеменин жетекчилигине кылмыш иши козголду

Токмоктогу №2 психоневрологиялык мекеменин жетекчилигине кылмыш иши козголду

Токмок шаарындагы №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган мекеменин кызматкерлери стационарда жаткан, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз (недееспособный) деп табылган майыптыгы бар 4 адамды эмгек терапиясы деген шылтоо менен мыйзамсыз жумушка алып, алардын айлыгын кымырып алып жүргөн.

Андан тышкары, 2022-жылдын ноябрынан 2024-жылдын июнуна чейин, мекеменин жетекчилигине жакын болгон 16 кызматкерге ай сайын 22,5 миң сомдон 33 миң 750 сомго чейин сый акы мыйзамсыз берилген. 1,5 жылдан ашык убакыттын ичинде аларга сый акы төлөөгө 13 млн 865,5 миң сом кеткен.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>