Токмоктогу мрамор, керамика плиталарын чыгарган завод мамлекетке өттү

Токмоктогу мрамор, керамика плиталарын чыгарган завод мамлекетке өттү

Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Кыргыз Тоо Таш» мрамор жана керамикалык-гранит плиталарын чыгарган жана кум-шагыл аралашмасын өндүргөн завод мамлекеттин балансына өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган завод УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралардын жыйынтыгында кайтарылган.

«Кыргыз Тоо-Таш» заводу 1960-жылдардан тарта СССРдин көптөгөн шаарларын таш менен камсыз кылган. Бишкектин муниципалдык имараттарынын 60% дан ашыгы заводдун материалдарын колдонуу менен курулган.

Заводдун карамагында өзүнүн карьерлери, кирүүчү темир жол жана жүк ташуучу унаалар паркы бар. Айына 30 миң чарчы метрден ашык көлөмдөгү каптоочу мрамор, акиташ, гранит плиталарды өндүрүүгө жөндөмдүү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>