Токой фондунун жерин эс алуучу жай курууга бөлүп берген. Бакай-Ата районунун акими кармалды

23.01.2026 | 10:07

Таласта Бакай-Ата районунун акими А.Б.М. жана Талас токой чарбасынын директору А.Н.Ж., ошондой эле бир нече кызмат адамдары коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Аталган кызмат адамдары 2022-2023-жылдар аралыгында алдын ала сүйлөшүп алып, Мамлекеттик токой фондуна таандык жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү схемасын уюштурушкан. Таласка кирүүчү борбордук жолдун боюндагы жерлер 4 жаранга, анын ичинде акимдин жубайына эс алуу жайларын куруу үчүн берилген.

Жер тилкелери төмөнкү эреже бузуулар менен бөлүнгөн:

  • Токой чыгымдары эсептелген эмес жана төлөнгөн эмес;
  • Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу алынган эмес;
  • Кадастрдык жана архитектуралык органдарда каттоодон өткөн эмес.

Мунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 23 миллион сомдон ашкан.

Мындан тышкары, 2024-жылы аким А.Б.М. тиешелүү уруксаты жок туруп, Ак-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы Б.О.Ж. жана мурдагы депутат С.И.А. менен сүйлөшүп, 475 түп мырза теректи кыюуга мыйзамсыз уруксат берген. Бул аракеттин кесепетинен мамлекетке 5 млн 310 миң 505 сом зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Жогоруда аталган кызмат адамдары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top