Токтогазиев: Күзүндө ун 30 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн

Токтогазиев: Күзүндө ун 30 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда ун тартыш. Үстүбүздөгү жылдын эки айында өлкөгө дээрлик 28 миң тонна буудай,  3,2 миң тонна ун дагы Орусия менен Казакстандан алынып келингени менен, ал азыктардын кору июнь айына чейин араң жетет. Бул тууралуу “Акчабарга” экс-айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Түзүлгөн кырдаал негизинен ЕАЭБдин өнөктөш өлкөлөрүндө ун менен буудайды экспорттоого тыюу салуунун акырындык менен киргизилиши менен шартталган.

«Орусиядан буудайды экспорттоого тыюу салынганга чейин тегирменчилер 21 рублдан сатып алышкан. Учурда мамлекеттик материалдык резерв буудайды 23-24 сомдон алып жатышат. Бүгүнкү күндө буудайды Казакстандан сатып алса болот, бирок логистиканы эске алганда анын баасы 30% кымбат болот», — дейт экс- айыл чарба министри.

Токтогазиевдин божомолу боюнча, керектөөчүлөр күзүндө буудайдын баасы ушундай эле пайызга көтөрүлүп, ага жараша андан жасалган продукциянын баасы да кымбаттаганда сезишет. Мындай болбош үчүн, экс-министрдин айтымында, азыртан буудайды экспорттоого квота берүү боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл.

«Биз ЕАЭБ деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Орусия менен сүйлөшүп буудайды Кыргызстанга сатууга тыюуу салууну токтотушу керек. Биз бирдиктүү экономикалык мейкиндиктебиз. Бизге буудай бербей, чектөө киргизишсе ЕАЭБдин эмне кереги бар? Мындай болбошу керек, ЕАЭБ биримдиктин өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык жана соода чек аралары жок деп эсептейт», — деди Тилек Токтогазиев.

Бул аткарылбаса, Токтогазиевдин айтымында, ун азыктарынын баасы сөзсүз көтөрүлүп, домино принцибине алып келет.

«Тагыраак айтканда, бул таптакыр бардыгына таасир этет. Биз таттуулардан, шекерден, колунда бар адамдар гана ала турган кээ бир азыктардан баш тарта алабыз. Бирок биз нан жана ун азыктарынан баш тарта албайбыз. Ундун кымбатташы менен башка бардык товарлардын жана кызматтардын баасы көтөрүлөт», — деп баса белгиледи экс-министр.

Анын айтымында, жалпысынан баанын көтөрүлүшүн күтүшүбүз керек, анткени дүйнө жүзү боюнча төмөн түшүмдүүлүк катталган. Бирок кескин секирүүгө жол бербөө маанилүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>