Парламенттин жана Президенттин катышуусуз кайталап шайлоону кантип белгилөө керек? Бул боюнча пикирин Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева Facebook баракчасына бөлүштү.
Ал билдиргендей, шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 38-беренесине ылайык, эгер шайлоо өткөн жок жана шайлоо жараксыз деп табылса, кайрадан шайлоо күнүн бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы өзү эле белгилей алат. Ал эми кайра шайлоодо шайлоону жараксыз деп табууга негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу кызмат ордуна көрсөтүлө албайт.
“Эми, депутаттардын жана президенттин макулдугусуз, БШКга кайрадан шайлоо дайындоо укугу берилди! Үч бийликчил партиянын – “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларынын мыйзамсыз аракеттеринен улам шайлоо жараксыз деп табылгандыктан, бул партиялар жана аталган партиялардын талапкерлери (Алканова, Аманкулов, Матраимов, Касымалиева ж.б) кайталап шайлоого катыша алышпайт! Анан ушул Алканова, Аманкулов жана Матраимовдордун бардыгы башка партиялар аркылуу дагы бийликке келе алышпайт», – деп жазды Сания Токтогазиева.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү жана УКМКны басып алышкан.
Президент Сооронбай Жээнбеков, 6-октябрда видео кайрылуу жасап, өлкөдөгү соңку окуяларды бийликти күч менен басып алуу катары баалаган. Ушул эле күнү БШК 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарган.