12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулат
Токтоп турган унаадан идиш-аяк уурдашкан. Бишкекте 2 киши кармалды
18.12.2025 | 16:35

Бишкекте унаадан идиш-аяк урдоого шектелип эки киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБи билдирди.
26-октябрда милиция бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылып, анда ошол эле күнү түнкү саат 03:00 чамасында белгисиз адамдар Шопоков көчөсүндө токтоп турган Honda Fit унаасынын кулпусун бузуп, ичинен жалпы суммасы 200 миң сомду түзгөн идиш-аяктарды уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталып, алар 30 жашатыг Т.Т. жана 28 жаштагы Б.У. аттуу жарандар экени белгилүү болгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар