Токторбаевдин ордуна Пархат Түлөндүбаев депутат болду

23.01.2025 | 15:19

Президент тарабынан Ош шаарынын мэри болуп дайындалган Жогорку Кеңештин депутаты  Жеңишбек Токторбаев («Ата-Журт Кыргызстан» партиясы) мандатынан ажыратылды.

Аталган маселе бүгүн, 23-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында каралып, комиссия мүчөлөрү Токторбаевдин мандатын алуу тууралуу чечимди колдоду. Мындай чечим анын мэр кызматына дайындалганына байланыштуу кабыл алынды.

Ошондой эле БШК бош калган мандатты “Ата-Журт Кыргызстан” партиясында депутаттыкка талапкерлердин кезегинде турган Пархат Түлөндүбаевге берилди

Эскерте кетсек, Пархат Түлөндүбаев 2007-жылы “Ак-Жол” партиясынын тизмеси менен, “2015-жылы “Республика-Ата-Журт” партиясынын катарынан Жогорку Кенештин депутаты болгон.

https://reporter.kg/zhenishbek-toktorbaev-osh-shaarynyn-meri-boldu/

Scroll to Top