Төлөп беребиз деп убадалап, дайынсыз жоголушкан: Чүй облусунда алдамчылык фактысы аныкталды

15.10.2025 | 14:47

Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери өзгөчө ири суммадагы алдамчылыкка шектелип жаткан адамдарды кармашты.

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын июлуна чейин Б.Р. жана М.А. аттуу жарандар райондук тургунка таандык «KIA Stinger», «BMW X5» жана «KIA K5» унааларын алдамчылык жолу менен өзүнө алды. Алдамчылар аялга ишенимге кирип, унааларды белгиленген мөөнөттө төлөп берерин убадалашкан. Жалпы суммасы 81 миң доллар болгон унаалардан алар болгону 14,5 миң доллар гана которушкан жана андан соң жашырынган. Натыйжада жабырлануучуга 66,5 миң долларлык зыян келтирилген.

2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын июлуна чейин Б.Р., М.А. аттуу жарандар И.Т.нын ишеничине кирип, ага таандык «КИА Стингер», «БМВ Х5» жана «КИА К5» үлгүсүндөгү унааларды сатып алабыз деп алдап, ээлеп алышкан. Унааларды жалпысынан 81 миң долларга баалашып, болгону 14,5 миң доллар төлөп, андан кийин дайынсыз жоголушкан. Натыйжада жабырлануучу жалпысынан 66,5 миң доллар өлчөмүндө ири материалдык зыян тарткан.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөөнүн натыйжасында 32 жаштагы М.А. жана 37 жаштагы Т.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Текшерүү иштери уланууда.

Милиция кызматкерлери бул жарандардын Чүй облусунун башка райондорунда жасалган ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жоктугун текшерип жатышат.

Scroll to Top