Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Төө-Ашууда кар көчкү атайлап түшүрүлөт: Жүк ташуучу унааларга чектөө коюлду
27.02.2026 | 10:40

27-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы 132, 133 жана 136-чакырымдарында кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштерине байланыштуу саат 09:00дөн баштап Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунда) оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөнүн башка унаа жолдорунда каттам бар жана жолдор ачык. Учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом