Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 13-октябрда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5…+10, Таласта +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көлдө +12…+17 жана Нарында +11…+16 градус болот.
Эртең Бишкекте +8…+10 жана Ош шаарында +12…+14 градус болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз